Редакцияот 25.11.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жаңы-Арык айылдык Кеңешинин XXVI-чакырылышынын IV-кезектеги сессиясы

 

2014-жылдын 25-ноябры № 8/4

2015-жылдын 20-январында өтүлүүчү коомдук угууда айыл өкмөтүнүн башчысы К.Кадиевдин, финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Т.Султанкадыровдун жана айылдык Кеңештин туруктуу комиссияларынын төрагаларынын отчетун угуу жөнүндө

Күн тартибиндеги маселе боюнча Жаңы-Арык айылдык Кеңешинин депутаттарынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Жаңы-Арык айылдык Кеңешинин XXVI-чакырылышынын IV-кезектеги сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2015-жылдын 20-январында өтүлүүчү коомдук угууда айыл өкмөтүнүн башчысы К.Кадиевдин, финансы -экономика бөлүмүнүн башчысы Т.Султанкадыровдун, айылдык кеңештин туруктуу комиссияларынын төрагаларынын отчетторун, ошондой эле, айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлеринин, мектеп директорлорунун жана УДТ башкы врачынын маалыматтары угулсун;

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн башчысы К.Кадиевге милдеттендирилсин.

 

Жаңы-Арык айылдык

кеңешинин тѳрайымы

 

Б. Жумаева