Редакцияот 23.12.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жаңы-Арык айылдык Кеңешинин XXVI-чакырылышынын V-кезексиз сессиясы

 

2014-жылдын 23-декабры № 9/2

Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн 2014-жылдагы кабыл алынган бюджетинин статьяларына өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Күн тартибиндеги маселе боюнча Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Т.Султанкадыровдун маалыматын угуп, Жаңы-Арык айылдык Кеңешинин финансы экономика комиссиясына 25.11.2014-жылдагы кезектеги сессиясында 2(эки) жумалык мөөнөт менен бул маселени карам айылдык кеңешке сунушун киргизүү боюнча тапшырма берилген, бирок финансы- экономика комиссиясы тарабынан эч кандай кагаз жүзүндө сунуш түшпөгөндүгү белгиленип, айылдык Кеңештин депутаттарынын сунушун угуп жана талкуулап Жаңы-Арык айылдык Кеңешинин XXVI-чакырылышынын V-кезексиз сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2013-жылдагы чыгымдан ашкан кирешеден бала бакчанын ремонтуна 2221 статьясы боюнча бөлүнгөн 150 миң сомдон, 109 907 сом 03 тыйын жана 2221 статьясы боюнча бөлүнгөн контордун жылуулук системасын орнотууга каралган акча каражатынан ашкан 35486 сом 97 тыйын, жалпысы 145394 сом 2221 статьясына кичи футбол аянтчасын курууга которулсун;

2. 2014-жылдын бюджетинен каралган 2222 статьясы боюнча 35 мин сом компьютер сатып алууга бөлүнгөн акча каражаты. статьясы туура эмес коюлгандыктан 3112 статьясына компьютер сатып алууга жылдырылсын жана 2221 статьясынан үнөмдөлгөн каражаттан 20500 сом имараттын ремонтунан, 2121 соц.фонд төлөмүнө карыз үчүн төлөөгө жылдырылсын.

3. Жогорудагы көрсөтүлгөн 145394 сом акча каражаты боюнча убагында айылдык кеңешке сунуш киргизилбегендиги жана смета менен иш жүргүзүлбөгөндүгү белгиленсин. Бул боюнча Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн башчысы К.Кадиевге жана финансы бөлүмүнүн башчысы Т.Султанкадыровго мындан кийин мындай иштерге жол бербоо жагы эскертилсин;

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн башчысы К.Кадиевге милдеттендирилсин.

 

Жаңы-Арык айылдык

кеңешинин тѳрайымы

 

Б. Жумаева