Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ЖЫЛДЫЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 22-февралы № 3
Кызыл-Жылдыз «Бок-Тай булагы» коомдук бирикмесинин уюмунун эсепчиси А.Сатарованын сунушу жөнүндө
Депутаттардын сунушун угуп жана эске алып ,Кызыл-Жылдыз айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Жылдыз айылындагы ичүүчү таза суу акысы 10 сомдон 15 сомго көтөрүлсүн.
2. Бул көтөрүү таза суу түтүкчөлөрүнүн көп жолу бузулуп жарылып жаткандыгына байланыштуу экендиги эске алынсын.
3. Бул токтомду аткаруу Кызыл-Жылдыз айыл өкмөтүндөгү «Бок Тай булагы» коомдук уюмунун эсепчиси А.Сатаровага жүктөлсүн.
4. Ушултоктом айыл окмотунун аппаратынан каттоодон откорулуп, jumgal.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизуу учун Нарын юстиция башкармалыгына жонотулсун.
5. Токтомдун аткарылышын козомолго алуу Кызыл-Жылдыз айыл окмотунун башчысы Б.Кыдырмаевке милдеттендирилсин.
Төрайымы | Г. Калмаматова |