Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ЖЫЛДЫЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 22-февралы № 4
Кызыл-Жылдыз айылдык Кеңешинин Регламентин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтуу өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамына ылайык жана Кызыл-Жылдыз айылдык Кеңешинин уюштуруу документтеринин мыйзам талаптарына ылайык келтирүү максатында Кызыл-Жылдыз айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Жылдыз айылдык Кеңешинин Регламенти Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамына ылайык бекитилсин.
2. Кызыл-Жылдыз айылдык Кенеши мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
3. Ушул токтомдо көрсөтүлгөн маалыматтардын ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы жана мыйзамда белгиленген учурларда юридикалык жакты мамлекеттик каттоо маселелери тиешелүү мамлекеттик (же) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылгандыгы ырасталат.
4. Ушултоктом айыл окмотунун аппаратынан каттоодон откорулуп, jumgal.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизуу учун Нарын юстиция башкармалыгына жонотулсун
5. Токтомдун аткарылышын контролдоо Кызыл-Жылдыз айыл аймагынын айыл окмотунун башчысы Б.Кыдырмаевке жуктолсун.
Төрайым | Г. Калмаматова |