Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 28-январы № 58
Айылдык кеңештин төрагасынын жана орун басарынын жыл ичинде жүргүзгөн иштери жөнүндө
Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасынын жана орун басарынын жыл ичинде жүргүзгөн иштери боюнча билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңештин кезектеги XIV-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасы Ө.Сулаймановдун жана орун басары М. Чолпонкуловдун жыл ичинде жүргүзгөн иштери канаттандыраарлык деп табылсын.
2. Элдин суроо талаптарын өз убагында чечүү,туруктуу комиссиялардын иштешине жана сессиялардын өз убагында өтүлүшүнө көзөмөл жүргүзүү жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары М. Чолпонкуловго тапшырылсын
3. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасы |
Ө. Сулайманов |