Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 27-марты № 69
Үч-Терек айыл аймагындагы №60 кесиптик өрт өчүрүүчү бөлүмү эл менен тыгыз байланышта иштөөсүн жакшыртуу жөнүндө
Токтогул райондук өрткө каршы мамлекеттик кызматы бөлүмүнө караштуу Үч-Терек айылындагы №60 кесиптик өрт өчүрүүчү бөлүмүнүн башчысы К. Матиевдин 2013-жылдын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Үч-Терек айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз XVII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кийинки учурларда жарандардын үйлөрүнөн өрт кырсыктары чытып жаткандыгын эске алып, айыл аймагында өрт коопсуздугуна чара көрүү, күчөтүлгөн тартипте өрткө каршы жабдыктарды камсыз кылуу жана жарандардын өмүрүн өрт коопсуздугунан сактоо боюнча чараларды көрүү, өрт чыгып кетүүчү коркунучу бар обьектилерди текшерүү жана байкоо жүргүзүп туруу жагы өрткө каршы кызматы бөлүмүнүн башчысы К.Матиевге милдеттендирилсин.
2. Айыл өкмөттүн аймагындагы жана мекеме уюдарда өрт коопсуздугун сактоо боюнча төмөндөгү иштерди аткаруу жагы айыл башчыларына, мекеме уюмдардын жетекчилерине, электриктерге, өрт өчүрүү бөлүмүнө милдеттендирилсин.
- мектептерде жана мектепке чейинки мекемелерде, эл арасында орт коопсуздугун сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;
- айыл өкмөтүнө караштуу мектептердин орт коопсуздугун сактоо боюнча орт өчүрүүчү жабдуулар менен камсыз кылуу;
- орт коопсуздугу болгон мезгилде жабыркаган адамдарга тез жардам көрсөтүү;
- айылдарда орт коппсуздугу пайда болгон маалда жарандарды орт өчүрүүгө толук моблизациялоо;
3. Жайыттардын өрт коопсуздугун камсыздоо, өрттүн чыгышына бөгөт коюу боюнча чараларды көрүү жана эл арасында өрт коопсуздугун сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы айыл башчыларына, мектеп директорлоруна милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышынын көзөмөлгө алуу жагы Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Ж.Казимидиновго милдеттендирилсин.
5. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
6. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды
Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасы |
Ө. Сулайманов |