Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 23-марты № 70
Үч-Терек айыл өкмөтүнүн жашоочулары Осмонова Керезбү жана Апышова Батманын турак жайлары өрттөнүп күйүп кеткендигине байланыштуу жардам берүү жөнүндө кайрылууларын кароо жөнүндө
Үч-Терек айыл өкмөтүнүн жашоочулары Осмонова Керезбү жана Апышова Батманын турак жайлары өрттөнүп, толук күйүп кеткендигине байланыштуу кайрылууларын угуп жана талкуулап айылдык кеңештин VI-чакырылышынын кезексиз XVII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч - Терек айыл өкмөтүнүн жашоочуларынын кайрылууларын эске алып, турак жайлары толугу менен күйүп кеткендигине байланыштуу кайра турак жай салууга жардам берүү үчүн бюджеттен Осмонова Керезбүгө 25000(жыйырма беш мин) сом жана Апышова Батмага 25000(жыйырма беш миң) сомдон акча каражаттары бөлүнүп берилсин.
2. Бөлүнгөн акча каражаттары Осмонова Керезбү жана Апышова Батмага караштырып оз убагында берүү жагы башкы бухгалтер Ш.Сатыбалдиевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасы |
Ө. Сулайманов |