Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 27-марты № 72
Үч-Терек айыл өкмөтүнүн Кызыл-Ураан айылына пилорама куруу үчүн жер аянттын бөлүп берүү жөнүндөгү элдин жамааттык жыйынынын №1 протоколун кароо жөнүндө
Үч-Терек айылдык кеңешинин депутаты У.Каналиевдин сунушу боюнча Кызыл-Ураан айылынын жалпы жашоочуларынын жыйынынын протоколунун токтомун угуп жана талкуулап, кенештин VI-чакырылышынын кезексиз XVII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Ураан айылына пилорама куруу жөнүндөгү жашоочулардын жалпы жыйынынын №1 протоколунун чечимин колдоого алуу менен, демилгечи Ибрайым уулу Эркинбайдын пайдалануусуна 0,15сотых жер аянтын мыйзамдаштырып берүү жагы айыл окмот башчысына сунушталсын.
2. Бөлүнүп берилген жер аянттын максаттуу түрдө пайдалануу, жерге байланыштуу баардык чыгымдарды тиешелүү счетко төлөө жагын козомолго алуу айыл өкмөтүнүн алдындагы жер комиссиясынын курамына милдеттендирилсин.
3. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасы |
Ө. Сулайманов |