Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 27-марты № 74
Үч-Терек айыл өкмөтүнө Камбар-Ата ГЭС-2 ден айыл чарбасы эмес салыктарынан түшкөн акча каражаттарына сатып алынган 2 автосамосвал, 1 погрузчик жана 1 экскаватордун тарифтеринин бекитүү жөнүндө
Айыл өкмөттүн карамагындагы техникаларды элдин муктаждыгы үчүн кызмат көрсөтүүгө Үч-Терек, Жетиген, Саргата, Кызыл-Ураан айылдарына хронометраж жүргүзүү жана ошонун негизинде бааларын бекитүү үчүн түзүлгөн комиссиянын жүргүзгөн хронометражынын негизинде тарифтерин бекитүү боюнча комиссиянын сунушунун негизинде Үч-Терек айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз XVII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Терек айылынын жашоочулары үчүн курулушка, жолдорун түзөтүүгө жана айыл чарбачылыгына керектүү кызмат көрсөтүү үчүн айыл өкмөттүн карамагындагы техникаларды элдин муктаждыгы үчүн кызмат көрсөтүүгө Үч-Терек айылына жүргүзүлгөн хронометраждын негизинде төмөндөгүдөй баада бекитилсин. Фронтальный погрузчик иштетүүгө 1саатка - 2500сом мунун ичинен элге жеңилдик 20% менен 500 сом кемитүү менен саатына 2000 сомдон, Экскаватор HTL-120 1саатына 1850 сомго , Автосамосвал ХОВО 25т. машиналары 1 каттамына 5км.ден 2500 сом мунун ичинен элге иштетүүгө 20% жеңилдик берүү менен 1 каттамына 2000 сомго иштетилсин.
2. Үч-Терек айыл өкмөтүнүн Жетиген, Кызыл-Ураан, Саргата айылдарына техникаларды иштетүүгө хронометраж жасоо жагы айылдар боюнча түзүлгөн комиссияларга тапшырылсын.
3. Техникаларды иштетүүдө түшкөн акча каражатынын эсеп кысабын жүргүзүү жагы кассир Ч.Үмөталиевага, төгүлгөн акчалардын туура жумшалышын көзөмөлгө алуу жагы башкы бухгалтер Ш.Сатыбалдиевге милдеттендирилсин.
Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасы |
Ө. Сулайманов
|