Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 27-марты № 75
Үч-Терек айыл өкмөтүнө келген техникаларды иштетүү боюнча механик И.Кадыровдун З айлык эмгек акысын компенсация кылып төлөп берүү жөнүндө
Үч-Терек айыл өкмөтүнө келген техникаларды иштетүү боюнча механик болуп Кадыров Ибраим 20.12.2013 жылы дайындалган, ошол кезден ушул күнгө чейин келген техникалардын документтерин тактап, документациясын даярдап тех паспорт, тех талон, мамлекеттик номерлерин алды. Ошондуктан эмгек акысын караштырып компенсация кылып 3 айлыгын жана техникаларды айдаган механизаторлорго айлык төлөп берүү жөнүндө Үч-Терек айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз XVII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Терек айыл өкмөтүнө келген техникаларды иштетүү боюнча ишке алынган механик Кадыров Ибраимге январь айы үчүн 1600сом, февраль айы үчүн 5000сом, март айы үчүн 5000сом. Баардыгы 11600сом компенсация төлөө жагы белгиленсин.
2. Механик Кадыров Ибраим, инженер шоферлёр Ибраимов Бектурсун жана Касатов Эсенжан, Тургунбаев Бусурманкул, Мырзаканов Кошунбектерге эмек акысы айыл ичинде иштеген 8 сааттан 25 жумушчу күндөрүнө иштеген иштерине 17,0(он жети мин) сомдон, айыл аймагынан сырткары жактарга иштеген мезгилдерде эмек акысы келишимдин негизинде төлөнсүн.
3. Инженер ПТО Ысабаева Бурулдун эмгек акысы 13,0(он үч миң) сом өлчөмүндө бекитилсин.
4. Механиктин, инженер ПТО, шоферлордун, механизаторлордун эмгек акыларын өз убагында төлөп берүү жагы башкы бухгалтер Ш.Сатыбалдиевге милдеттендирилсин.
5. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
6. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынат.
Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасы |
Ө. Сулайманов
|