Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 20-майы № 77
Архитектура ГАСК, жер инспекцияларынын маалыматтары жана жер адисинин иштери жөнүндө
Жер маселесине байланышкан маселелерди кароо боюнча айылдык кенештин кезектеги ХIХ-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Базардагы курулуш нормаларынын, эрежелеринин аткарылышын жана курулуштардын мыйзамдуулугунун сакталышын техникалык жактан туура келишин жана коопсуздук абалдарынына көзөмөл жүргүзүү жагы жер адиси Абазовго милдеттендирилсин.
2. Бишкек-Ош жолунун жээктериндеги мал сарай салып алган жерлердин укук тастыктоочу документтеринин мыйзамдуулугун текшерип чара көрүү жана алынган жерди өз максатында пайдалануусун жолго салуу жагы айыл өкмөтү башчысына милдеттендирилсин.
3. Турак жай куруу,соода түйүндөрүн, СТО, кафе куруу боюнча кайрылган атуулдарга райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгы менен бирдикте текшерип жер участокторун берүү боюнча иш алып баруу жагы жер адиси К.Абазовго милдеттендирилсин.
4. Берилген жер участокторун тактап кийинки сессияга билдирүү берүү жагы архитектор Ш.Туйтуловго милдеттендирилсин.
5. Айыл өкмөтүндөгү калктуу конуштардын инфраструктурасынын абалын инвентаризациялоо иштерин ишке ашыруу мыйзамсыз курулуштарга жол бербоо, көчөлөрдү ачтыруу боюнча архитектура менен бирдикте иш жүргүзүү жагы жер комиссиясы менен айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары М.Чолпонкуловго тапшырылсын.
7. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
8.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасы |
Ө. Сулайманов |