Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 20-майы № 78
Айыл аймагындагы билим берүү тармактарынын 2013-жылдын III-IV кварталдарындагы жана 2014-жылдын I-II кварталдарында жүргүзүлгөн жана аткарылган иштеринин отчету жана 2014-жылдын III-IV-кварталдарында аткарыла турган иш планы жөнүндө
Үч-Терек айылдык кенешинин Билим берүү жана жаштар саясаты туруктуу комиссиясынын Төрайымы И.Жумалиеванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап кенештин кезектеги XIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Терек айыл аймагындагы мектептердин 1-4 -класска чейинки окуучулардын тамак-ашына 2013 жылдын III-IV- кварталында 2014-жылдын I-II кварталында өткөрүлгөн рай.администрациясынын тендери мыйзамсыз болгондуктан тендерди жараксыз деп табуу маселеси ишти текшерүүнү июль айынын аягына чейин бүткөрүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
2. Тамак-аштарынын менюсун өзгөртүү жана тендерсиз эле тамак -ашка бөлүнгөн акча каражатын мектеп директорлоруна өткөрүп берүү жагы билим берүү министрлигине сунуш кылынсын.
3. 2014-жылдын 15-майындагы билим берүү жана жаштар саясаты туруктуу комиссиясынын мектептерди, бала бакчаларды текшерүү убагындагы түзүлгөн актыдагы көрсөтүлгөн кемчиликтерден жыйынтык чыгарып кийинки сессияда билдирүү берүү жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
4. Мектептерге, балдар бакчаларына энерго паспортторду 2014-жыл ичинде алып берүү жагы башкы бухгалтер Ш.Сатыбалдиевге милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары М.Чолпонкуловго тапшырылсын.
6. Бул токтом www.uch-tcrek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасы |
Ө. Сулайманов |