Редакцияот 05.11.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Эл депутаттарынын Үч-Терек айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XXII сессиясы

 

2014-жылдын 5-ноябры № 98

Аксакалдар сотунун 2014-жылдын 9 айында жүргүзгөн иштери жөнүндө

2014-жылдын 9 айында 4 арыз каралган. Көпчүлүгү үй-бүлөлүк чыр чатактар, кошуналардын ар кандай келишпестиктерин кароо иштери жүргүзүлүп жээринде чечилип элдештирүү иштери жүргүзүлгөн. Мындан сырткары мал жоготкондор да кайрылышат. Кызыл-Ураанда Табылды деген уйун жоготуп бирөөдөн көргөн Эмил дегенден уйун меники деп талашып ага Төө-Жүгүнгө чейин барып көрүп аныкы эмес экендиги аныкталган. Чечилбей турган маселелерди сот аркылуу чечиле тургандарын түшүндүрү-лүп жөнөтүлүүдө. Мүмкүн болушунча сотко жеткирбей чечип берүүгө аракеттер болуп жатат. Жогорудагыларды белгилеп айылдык кеңештин ХХII-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Аксакалдар сотунун 2014-жылдын 9 айында жүргүзгөн иштери канаттандырарлык деп табылсын.

2. Аксакалдар соту коомчулук менен тыгыз байланышта болуп иш алып баруу жана маалыматтарды өз убагында тиешелүү жактарга жеткирүү жагы Аксакалдар сотунун торайымы К. Чаргыновага тапшырылсын.

3. Аксакалдар сотуна иш кагаздарын жүргүзүү үчүн концтовар менен камсыз кылуу жана келип түшкөн арыздарды кароодо алыскы жака барууга туура келген мезгилде күйүчү май менен камсыз кылуу боюнча 2015-жылдын бюджетине акча каражатын карап бекитүүгө сунуш берүү жагы Аксакалдар сотунун торайымы К.Чаргыновага тапшырылсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиянын торагасы Д.Бекжановго милдеттендирилсин.

5. Бул токтом vvvvw.nch-terek.kR сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

 

Үч-Терек айылдык

кеңешинин төрагасы

 

Ө. Сулайманов