Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 19-ноябры № 100
Участкалык инспектор А.Турдукуловдун 2014-жылдын 9 айында жүргүзгөн иштери жөнүндө
Айыл өкмөттө кылмыштын түрү боюнча эң көп катталган наркозатты сактоо жана алимент төлөөдөр баш тартуу.Ушул эки кылмыштын түрү боюнча коп катталган. 2014-жылдын 9 айында 24 кылымыш иш катталган. Тоноочулук боюнча 1, алмиент боюнча 1, уурулук 1, өзүм билемдик 1,хулиганчылык 2, каракчылык 1, алдамчылык 2, наркозат сактоо 7, наркозат сатуу 1, 350 ст.менен 2 адам катталган.
Үч-Терек айылынын 3 атуул «Хизбут тахир» уюмуна киришкендиги үчүн кармалышкан.Быйылкы жылы эч ким кармалбаганы менен ич ара бул уюмдун кулач жаюусу күч алып бараткансыйт.Жаштар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек.
2013-жылы 11 кылмыш иши катталса быйылкы жылы 2 хулиганчылык иши катталды. Мурдагы жылдарга Караганда азыр элдер көпчүлүгү маңдай тер менен иштеп, же болбосо мал жана жер иштетүү менен алек болушууда. Бирок жогорудагы аткарылган иштерге карабастан айрым кемчилдиктер орун алган. Мал уурулуктар боюнча катталган кылмыштардын бети ачылган эмес жана профилактикалык түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн эмес. Жогорудагыларды белгилеп айылдык кеңештин ХХII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Участкалык инспектор А.Турдукуловдун жана жашы жетпегендер менен иштоо боюнча уч.инспектордун 2014-жылдын 9 айында жүргүзгөн иштери кемчилдиктери менен канааттандырарлык деп табылсын.
2. Кызыл-Ураан жана Жетиген айылдары боюнча жаңы бекитилген уч.инспектор Т. Алманбетовго айыл өкмөтү менен тыгыз байланышта болуп маалыматтарды берип туруу жагы милдеттендирилсин.
3. Укук тартибин чындоо жана укук бузуучуларга каршы күрөшүү, мектеп окуучуларынын арасында тартипти чыңдоо боюнча оперативдик иш чараларды иштеп чыгуу боюнча иш жүргүзүү жагы уч.инспектор А.Турдукуловка,Т. Алманбетовго жашы жетпеген балдар инспекторуна милдеттендирилсин.
4. Мал уурулук боюнча оперативдүү иш чараларды көрүп, уурулуктардын бетин ачууну өз убагында ишке ашыруу жагы уч.инспекторлор А,Турдукуловго, Т. Алманбетовго милдеттендирилсин.
5. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы иштеген башка улуттун жарандарынын айыл аймагындагы КРнын мыйзамдарын сактоосун, тартипке салып чара көрүү жагы уч. инспектор А.Турдукуловго милдеттендирилсин.
6. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
7. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасы |
Ө. Сулайманов
|