Загрузка документа…
АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 3-марты № 1/1
8-Март айылынын тургуну Бокошов Кыдыр Өмүровичке Нарын районунун «Ардактуу атуулу» наамын берүү жөнүндө
Ак-Кудук айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Кудук айылдык округунун тургундарынын кайрылуусу канааттандырылсын.
2. 8-Март айылынын тургун Бокошов Кыдыр Өмүровичтин 8-Март айылынын М.Осмонов атындагы орто мектебине «Өмүр – Ата» фондусу тарабынан жыл сайын 22 жакшы окуган окуучуга 400 сомдон стипендия берип, жыл сайын мектептин 2 мугалимине курортко эс алууга петевка берип келгендиги жана жергиликтүү өзүн-өзү башкарууда жыл сайын кошкон салымдары белгиленсин.
3. Бокошов Кыдыр Өмүровичке жогоруда көрсөтүлгөн чон салымдарын эске алып, Нарын районунун «Ардактуу атуулу» деген наамын берүү боюнча Депутаттардын Нарын райондук Кеңешинен суралсын.
Төрага | З. Алдакеев |