Загрузка документа…
АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 3-марты № 1/3
Ак-Кудук айылдык округунун жер адисинин кайрак жер участкаларына аренда акынын өлчөмүн бекитип берүү жана AGCnby техникалык каталарын жасатууга, арендага берилеген келишимдерди мамлекеттик каттоодон өткөрүүгө сураган акча каражаты жөнүндө
Ак-Кудук айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Кудук айылдык округунун жер адисинин кайрак жер участкаларына аренда акынын өлчөмүн бекитип берүү жөнүндө сунушу кабыл алынсын.
2. Ак-Кудук айылдык округунун аймагындагы кайрак участкаларын арендага берүүдө аренда акысын ар бир гектарына 150 сомдон белгиленсин.
Аренда акыдан сырткары КР Салык кодексине ылайык ар бир гектарынан 27,15 (жыйырма жети сом он беш тыйындан) салык алынсын.
Аренда акыдан сырткары ар бир гектарынан 54,30(элүү торт сом отуз тыйындан) соц фондго чегерүү алынсын.
Баардыгы кайрак жер үчүн 1га жер участогуна 231,45 тыйындан белгилешип, ар бир арендаторлор менен келишимдер түзүлүп,убагында төлөмдорүн чогултууну колго алуу жер адисине, салык адисине милдеттендирилсин.
З. ФПСтин жерлеринин техникалык карталарын жасатууга, арендага берилген келишимдерди мамлекеттик каттоодон өткөрүүгө сураган акча каражаты айыл округунун 2012-жылга карата бюджетин бекитүүдө каралсын.
Төрага | З. Алдакеев
|