Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 23-октябры № 127/17-3
№4 орто мектепти кайра мектепке чейинки мекеме кылып уюштурууга макулдук берүү жөнүндө
Токмок ш. билим берүү бөлүмүнүн башчысынын 30.09.2014-ж. чыг.№77/1 кайрылуусунун негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен,
Токмок шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. №4 орто мектепти кайра мектепке чейинки мекеме кылып уюштурууга макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, социалдык маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Р. Таманбаев |