Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 23-февралы № 5
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинен үлүштүк (түрткү берүүчү) грант алуу үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражаттарын бөлүп берүү жөнүндө
Жаңы-Ноокат айылдык аймагындагы М Эргашов атындагы орто мектебинин чатырын ремонтоо боюнча даярдалган бизнес долбоорду иш жүзүнө ашыруу үчүн акча каражаттарын бөлүп берүү максатында Жаңы-Ноокат айылдык Кеңешинин кезектеги сессиясынын заседаниясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаны-Ноокат айыл аймагындагы М.Эргашов атындагы орто мектебинин чатырын ремонтоо үчүн Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинен үлүштүк (түрткү берүүчү) грант алуу үчүн Жаңы-Ноокат айылдык Кенешинин жергиликтүү бюджетинен 173871 (бир жүз жетымыш үч миң сегиз жүз жетимиш бир) сом бөлүнүп берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин бюджет маселелери боюнча турукгуу комиссиясьша тапшырылсын.
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы |
А. Имамов |