Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 2-апрели № 1
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2014-жылда жүргүзгөн чарбалык жана финансалык иштери жана 2015-жылга карата иш арекеттери жөнүндө отчету
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтү Жаңы-Ноокат айыл аймагыньш социалдык-экономикалык жактан өнүгүсүн камсыз кылуу масктьшда Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарын, Кыргы Республикасынын Өкмөтүнүн , Кыргыз Республикасьшын Өш облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жана Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын токтомдорунун негизинде аткаруучулук иштерин жүргүзүп бир топ ыйгиликтерге жетишти.
Атап айтканда Жаңы-Ноокат айылдык аймагынын жергиликтүү бюджета 2010-жылда 2млн 900 мин сомду түзгөн болсо 2015 жылга келип жергиликтүү бюджеттин көлөмү Жаңы-Ноокат айылдык кеңеши тарабынан бекитилген суммага жетти. 2014-жылда Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүндө айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнугүсүнун камсыздоодо дыйкан фермерлер, жеке ишкерлер чөйрөсү тарабынан бир топ ийгиликтүү иштер аткарылды.
2014-жылды республикабызда «Мамлекетүүлүктүү бекемдөө жылы» жана облусубузда «Айыл аймактарын инфраструктурасын өнүктүүжылы» деп жарылангандыгына байланыштуу бул багытта айыл өкмөтүнүн атайьш токтому кабыл алыньш,иш чаралары түзүлдү.бул иш чараларга ылайык айыл аймагында төмөнкүдөй иштер аткарылды Мамлекеттик бюджет Туркия мамлекетинен берилген кредит эсебинен Темир- Корук мектебинин 56 млн.сомдук жаны имаратынын курулушу башталып аяктоонун алдынта турат. Капиаталдык каражаттардын жана түрткү берүүчү гранттын( стим грант) эесбинен Кызыл Тейит орто мектебинин спорт залы курулду.
Бүткүл дүйнөлүк бактын каржылоосу менен айыл аймагындагыгы сугат тармактарын капиталдык ремонтоо иштери боюнча 32 млн сомдук бизнес долбоор даярдалып, Ташкоргон жана Гажир Полвон көчөлөрүндө арыктар ордуна темир-бетон ирригация ситемасы курулушу башталды. Күнгөй бөлүмүндөөгү сугат суу жетиши оор болгон жерлерге ДЮКЕР жолу менен суу алып баруу иштери башталды.
Жаңы-Ноокат айыл өкмүтүнүн 2014-жылда жүргүзгөн чарбальпс жана финансалык иштери жана 2015-жылга карата иш арекеттери жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысынын отчету угуп жана талкуулап Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин кезектеги сессиясынын заседаниясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2014-жылда жүргүзгөн чарбалык жана финансалык иштери жана 2015-жылга карата иш арекеттери жөнүндөгү айыл өкмотунүн башчысы Н Юлчиевдын отчету канаатандырарлы деп табылсын.
2. Жаңы-Ноокат айыл өкмөтү тарабынан Жаңы-Ноокат айыл аймагынын социалдык -экономикальпс жактан өнүгүү боюнча стратегиялык пландарын өз убагында аткарылышы боюнча аткаруучулук иш-арекеттерди жүргүзүү жагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Ушул токтомду аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы |
А. Имамов |