Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 29-январы № 32/3
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы мамлекеттик каттоо кызматына караштуу транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо департтаменти менен Кадамжай шаарынын мэриясы ортосунда келишим түзүү жөнүндө токтомун бекитүү
Кадамжай шаардык мэриясынын экономика бюджет бөлүмүнүн башчысы М. Жумаматовдун Кадамжай шаары Кадамжай районунун борбору болгондуктан акыркы жылдары транспорт каражаттары көбөйгөндүгүн жана жаңы айдоочулар айдоочулук күбөлүктөрүн өз убагында, тез, тоскоолсуз алуу үчүн жогоруда айтылган келишимди түзүү зарылчыгы жөнүндө билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кадамжай шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кадамжай шаарынын мэриясы менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо департамента ортосунда мыйзам чегинде келишим түзүлсүн.
2. Токтомдун аткарылыш жагы Кадамжай шаарынын мэри Т. Камбаровго жүктөлсүн.
3. Токтомду аткарылышыны көзөмөлдөө Кадамжай шаардык кенишин бюджет, каржы жана пландоа боюнча туруктуу комиссиясына жуктолсун
Төрага | Б. Бегалиев |