Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 29-январы № 32/6
Кадамжай шаарынын аймагына маршруттук автоунаа коюу жөнүндө
Кадамжай шаарынын тургундарынын жана шаардык кеңештин каржы, бюджет жана пландоо боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун карап чыгып Кадамжай шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кадамжай шаарына келишим негизинде 3 (үч) маршруттук автоуна төмөнкү маршруттар боюнча коюлсун:
1) Кадамжай - Пулгон - Северный.
2) Кадамжай - Жаңы-Жер - Пулгон.
3) Кадамжай - Пулгон - Жийделик.
2. Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри Т. Камбаровго жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышы жөнүндө Кадамжай шаарынын мэри Т. Камбаровго 2014-жылдын 10-февралына Кадамжай шаардык кеңешине маалымат берүү жагы жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кадамжай шаардык кеңешинин жер курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Б. Бегалиев
|