Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 29-январы № 32/10
Кадамжай шаарындагы Жаңы-Жер участкасына «айыл» статусун берүү жөнүндө
Кадамжай шаардык кеңеши шаардык мэриянын кайрылуусун жана шаардык кеңештин жер, курулуш жана транспорт туруктуу комиссиясынын сунушун карап чыгып, талкуулап Кыыргыз Республикасынын жергиликтуу озун-озу башкаруу жонундогу мыйзамынын 30-беренесинин 9-пунктуну, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18-беренесинин 2-пунктуну негизге алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кадамжай шаарынын аймагында жайгашкан Жаңы-Жер участкасына «айыл» статусу берилсин.
2. Керектүү иш кагаздарын даярдоо жагы шаардын мэри Т. Камбаровго жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кадамжай шаардык кеңешинин жер, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Б. Бегалиев
|