Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 25-февралы № 33/3
Кадамжай шаардык мэриясынын 2014- жылдын аткарылышы жана 2015- жылдын Жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүн бекитүү жөнүндө
Кадамжай шаардык мэриясынын 2014-жылда аткарылышы жана 2015-жылга бюджеттин чыгаша болугун бекитүү жөнүндө шаардык финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы М. Жумаматовдун маалыматын угуп, шаардык кеңештин каржы, бюджет жана пландоо боюнча туруктуу комиссиясынын жана депутаттардын сунушун эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү башкаруу жөнүндөгү мыйзамынын 31 беренесинин 2 пунктунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кадамжай шаардык мэриясынын Жергиликтүү бюджетинин 2014-жылга аткарылышы кирешелер бөлүгү атайын каражаттарды кошкондо 55724,6 мин сом өлчөмүндө жана чыгашалар бөлүгү атайын каражаттарды кошкондо 52621,0 мин сом, өлчөмүндө бекитилсин.
2. Кадамжай шаардык мэриясынын 2015-жылга Жергиликтүү бюджетинин кирешелер бөлүгү 56937,3 мин сомго чыгашалар бөлүгү 56937,3 мин сом өлчөмүндө бекитилсин жана 2016-жылга - 63383,3 мин сом 2017-жылга 71188,3 мин сом божомолдуу №1- №2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кадамжай шаардык мэриясынын резервдик фонду бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн 1% 569,3 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
4. Чыгашаларды корголгон беренелерге каралган каражаттар штаттык бирдиктер жана нормативдик актылар өзгөргөндө өзгөрүүсү мүмкүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кадамжай шаардык Кенешинин каржы, бюджет жана пландоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Б. Бегалиев
|