Загрузка документа…
КУЙРУЧУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 19-февралы № 12
XXVI чакырылган Эл депутаттарынын Куйручук айылдык Кеңешинин кезексиз 13-сессиясынын Куйручук айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Жобосун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Мыйзамына ылайык Куйручук айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн уюштуруу документтерин мыйзам талаптарына ылайык келтирүү максатында.
Куйручук айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Куйручук айыл аймагынын айыл өкмөтү жөнүндө Жобосу Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамына ылайык бекитилсин.
2. "Куйручук айыл аймагынын айыл өкмөтү" мекемеси Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик каттоодон кайра өткөрүлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы Б. Сапаралиевге жүктөлсүн.
Ушул токтомдо көрсөтүлгөн маалыматтардын , ошондой эле мамлекеттик кайра каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын анык экендиги жана, мыйзамда белгиленген учурларда, юридикалык жакты кайра каттоо маселелери тиешелүү мамлекеттик жана (же) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылгандыгы ырасталат
Төрага | З. Баисов |