Загрузка документа…
КУЙРУЧУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 1-июну № 17
Куйручук айылынын айыл аймагына караштуу «ИСКАКБ»нын «Көкүмбай булак» бирикмесинин 2013-жылкы бюджетин бекитүү, калкты ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу жана ага болгон бааларды бекитүү жөнүндө
Куйручук айылдык Кеңешинин депутаттары менен коомчулуктун сунуштарын эске алып, Куйручук айыл өкмөтүнүн «ИСКАКБ» «Көкүмбай булак» бирикмесинин төрагасы Д.Солтоевдин жана бухгалтер К.Ботбаеванын билдирүүлөрүн, маалыматын угуп, талкуулап Куйручук айылдык Кенешинин 18 сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «ИСКАКБ» «Көкүмбай булак» бирикмесинин төрагасы Д.Солтоевдин жана бухгалтер К.Ботбаеванын 2012-2013- жылдагы аткарылган иштери канааттандыраарлык деп белгиленсин. (тиркеме тиркелет).
2. Куйручук айылынын «ИСКАКБ» нын 2013-жылга бюджети 262 560 сомго бекитилсин. (тиркеме тиркелет).
3. Куйручук «ИСКАКБ» нын төрагасына 3000 (үч миң) сом өлчөмүндө эмгек акы бекитилип берилсин.
4. Куйручук «ИСКАКБ» нын бухгалтерине 3000 (үч миң) сом.эмгек акы белгиленсин.
5. Куйручук «ИСКАКБ»нын Көкүмбай булактын кароолчусуна 2700(эки мин жети жүз) сом айлык акы бекитилип берилсин.
6. Куйручук ИСКАКБнын суу чорголорун оңдоочу операторуна 3000(үч мин) сом айлык акы белгиленсин.
7. Өзүнүн менчик үйүнүн ичине Киргизии алгандарга жан башына 30 (отуз)сомдон бекитилсин.
8. Куйручук айылынын тургундарынын жан башына таза суу менен камсыз кылуу баасы 20(жыйырма) сомдон.
9. Өзүнүн менчик үйүнө таза суу чоргосун кийирген айыл жашоочуларына уруксаат берүү 7000(жети миң) сом өлчөмүндө бекитилсин.
10. Суу чоргосун оз билемдик кылып үйүнө уруксаатсыз киргизип алгандарга 10 000(он миң) сом өлчөмүндө айып пул бекитилсин.
11. Cyy чоргосуна шланга сайып ар кандай курулуш иштерине ттайдаланса, жфодун же бакчасын көп убакытка чейин сугарып кароосуз калтырса 3000(үч миң) сом өлчөмүндө айып пул белгиленсин.
12. Куйручук «ИСЬСАКБ» сы менен айыл тургундарынын ортосунда эки тараптуу келишим түзүлсүн.
13. Бул токтомду көзөмөлгө алуу жана аткаруу жагы Куйручук «ИСКАК»нын «Көкүмбай булак» бирикмесинин төрагасы Д.Солтоевге тапшырылсын.
Төрага | З. Баисов
|