Загрузка документа…
КУЙРУЧУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 23-июлу № 18
Куйручук айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Сапаралиев Бактыбектин -2012-2013-жылдын июль айына чейинки иштеген ишине баа берүү менен бирге ишеним көрсөтүү жана көрсөтпөө жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамынын негизинде 6 глава 49 беренесинин 7 пунктунун 9 бөлүмүнүн жобосуна ылайык Куйручук айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Куйручук айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Сапаралиев Бактыбек Нурдиновичтин ишине көпчүлүк депутаттардын добушу менен канаатандырарлык эмес деп табылып. ишенбестик (недоверие) деп табылсын.
2. Куйручук айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Сапаралиев Бактыбектин кызматтык иши токтотулсун
3. Куйручук айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна убактылуу айыл өкмөтүнөнүн башчысынын милдетин аткаруучуну бекитип берүү жагы райондук админстрациядан суралсын.
4. Бул токтомдун протоколу жана токтому райондук админстрациянын башчысы А.Исагуловго жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Куйручук айылдык Кеңешинин депутаттарына милдеттендирилсин.
Төрага | З. Баисов
|