Загрузка документа…
КУЙРУЧУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 3-октябры № 20
Сессияны Куйручук айылдык Кеңешинин төрагасы Баисов Замир алып барды.
XXVI-чакырылган эл депутаттардын Куйручук айыл аймагынын Куйручук айылдык Кеңешинин XXI кезексиз сессиясы ачылсын деген сунуш киргиземин. Добуш берип койсонуздар! Макул: 11 карты жок калыс жок. Анда бугунку сессияны ачык деп жарыялайм. Кун тартибиндеги каралуучу маселе: Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өзүнө-өзү башкаруу мыйзамына ылайык Куйручук айыл Өкмөтүнүн башчысын шайлоо. Кун тартибиндеги маселе бекитилсин деген депутаттардын добуш берип коюусун өтүнөм. Макул: 11 карты жок, калыс жок. Күн тартибиндеги маселе бир добуштан бекитилди. Шайлоо өткөрүү боюнча Жумгал аймактык шайлоо комиссиясы жана эсептөө комиссиясынын мүчөлөрү менен таанышып койсонуздар.
1 Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын торагасы- Ж. Нураков
2 Комиссиянын катчысы- Сулайманкулова Н.
3 Комиссиянын мүчөсү- Калиев М.
4 Комиссиянын мүчөсү- Молдокеев Ф.
5 Комиссиянын мүчөсү- Токтоназарова Ж.
6 Комиссиянын мүчөсү - Осмонов М.
7 Комиссиянын мүчөсү- Токонова Ж.
Эсептөө комиссиясы өзүнүн ишин баштап, 11 ( он бир) бюллетень депутаттарга көргөзүлүп , тааныштырылып 11 (он бир) бюллетень жарактуу деп эсептелинди. Депутаттардын макулдугу менен алфавит боюнча добуш берүү башталды.
Добуш берүү бүттү.
Урна ачылды, 11 (он бир) бюллетень саналып жарактуу болуп чыкты.
Эсептөө комиссиясы бирден таааныштырып, Куйручук айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын кызматына талапкерлер Абылабеков Бердибек 7 (жети) макул, Карымшаков Кубан Масирович 3 (уч) макул, бардьпына 1 (бирөө) каршы добушун берди.
Жумгал аймактык шайлоо жана эсептөө комиссиясынын жыйынтыгын угуп, Эл депутаттарынын Куйручук айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Куйручук айыл өкмөтүнүн башчысынын кызматына депутаттардын көпчүлүк добушун алгандыгына байланыштуу Абылабеков Бердибек шайлансын.
2. Жумгал аймактык шайлоо жана эсептөө комиссиясынын жыйынтык протоколу бекитилсин. (тиркеме тиркелет)
Төрага | З. Баисов
|