Загрузка документа…
КУЙРУЧУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 19-ноябры № 21
Кыргыз Республикасынын мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү мыйзамынын V-глава мүлккө муниципалдык менчикти башкаруунун 19-беренисине жана Депутаттардын Куйручук айылдык Кенешинин 2013-жыл 19-февраль 13-сессиясынын №12- токтому менен бекитилген Куйручук айыл өкмөтүнүн жобосуна ылайык.
Куйручук айыл тургундарынын жана "ЫНТЫМАК" жаштар уюмунун ой пикирин, сунушун талкуулап Куйручук айылдык Кеңешинин депутаттары
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Куйручук айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган Аблас Сулайманов атындагы орто мектебинин пайдаланылбай жаткан эски имаратын Куйручук айылынын тургундарынын атынан уюшулган "Ынтымак" уюумуна спорттук машыгуу комплексине пайдаланууга берилсин.
2. Аталган имараттын пайдалануусу "Ынтымак" жаштар уюму менен Куйручук айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ортосунда өз ара келишим түзүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын жана көзөмөлгө алуу жагы Куйручук айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Абылабеков Бердибекке жүктөлсүн.
Төрага | З. Баисов
|