Загрузка документа…
КУЙРУЧУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 13-февралы № 13/2
"Мугалимдердин статусу" жөнүндө мыйзамынын 18 беренесинин негизинде каралган Аблас Сулайманов атындагы орто мектебинин мугалимдеринин арызын депутаттардын Куйручук айылдык Кеңешинин бюджет, салык жана финансы боюнча туруктуу комиссиянын сунуштарьш эске алып депутаттардын Куйручук айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Куйручук айыл өкмөтүнүн кабыл алынган 26-февраль 2013-жылдын бюджетинин 14 сессиясынын 13/1 токтомуна ылайык категориалдык гранттын эсебинен 2010-жылы он мугалимге 45304 сом командировочный акысы төлөнбөй калгандыгына байланыштуу 2013-2014-жылдардын аралыгында толук эсептелинип берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Куйручук айыл өкмөтүнүн финансы бөлүмүнүн башчысы Ы.Солтоевага милдеттендирилсин.
Төрага |
З. Баисов
|