Загрузка документа…
ИЙРИ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 11-апрели № 14-1
Айыл өкмөтүнүн аймагындагы мал жандыктардын ар бир башына чегирилүүчү жайыт төлөмү жөнүндө
Ийри-Суу айылдык кеңешинин ( V шайланган ) кезектеги XII сессиясынын күн тарбибинде мал жандыктардын ар бир башына чегирилүүчү жайыт төлөмдөру жөнундөгу маселени угуп жана талкуулап Ийри-Суу айычдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн аймагында бир баш кара малга 75 сом, бир баш жылкыга 75 сом, кой-эчкинин ар бир башына 15 сомдон жайыт төлөмү бекитилсин.
2. Башка жактан келген кара малга 150 сом, бир баш жылкыга 150 сом, кой - эчкинин ар бир башына 30 сомдон жайыт төлөмү бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жайыт комитетинин төрагасы Нышанов Сайдиллага милдеттендирилсин.
Ийри-Суу айылдык кеңешинин төрагасы |
С. Курманбеков
|