Загрузка документа…
ИЙРИ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 24-июну № 25
Өзгөн районунун Ийри-Суу айыл Өкмөтүнө караштуу Кыргызстан айылындагы № 2763, №2735, №2736, №2737 жана № 2738 контурларындагы жер аянттарын башка жер категориясына которуу (трансформация) жөнүндө
Ийри-Суу айыл Өкмөтүнүн аймагындагы элдин жашоо турмушун жакшыртуу, элге турак жай куруу үчүн жер аянттарын бөлүп берүү максатында Кыргыз Республикасынын 2014 жылдын 19-мартындагы № 169 токтомунун негизинде бекитилген « Жер участогун бир категориядан башка категорияга которуу трансформация жөнүндөгү Жобого» ылайык Ош облустук жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик иканасынын 2014- жылдын 18-июнундагы № 339 маалыматынын негизинде Ийри-Суу айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн районунун Ийри-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Кыргызстан айылынын № 2763 контурундагы 2,0 га жайыт № 2735 контурундагы 0,55 га кышкы кыштоо жайыт, № 2736 контурундагы 0,98 га эски чоп жыйылуучу, № 2737 контурундагы 0,36 га жана № 2738 контурундагы 0,56 га бузу луп кеткен сарайлардын ээлеген жер аянттарын «Айыл чарба багытындагы «жерлер» категориясынан «Айыл - кыштак конуштары» категориясына (трансформация) которулсун.
2. Өзгөн райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармасынан тийиштүү иш-кагаздарын даярдап берүү жана Ийри-Суу айыл Өкмөтүнүн Кыргызстан айылындагы «Айыл - кыштак конуштары» категориясына которулган жер аянттары боюнча Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн жер экспликация сына өзгөртүү киргизүү жагы суралсын.
3. Токтомдун аткарычышын көзөмөлдөө айылдык Кенештин айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтомду бекитип берүү жагы Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
Ийри-Суу айылдык кеңешинин төрагасы |
С. Курманбеков
|