Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 19-февралы № 142/18-3
“Токмок Жылуулук” муниципалдык ишканасын өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Токмок ш. Муниципалдык менчик башкармалыгынын башкаруучусунун 26.01.2015-ж. чыг.№126 кайрылуусун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен,
Токмок шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Токмок Жылуулук” муниципалдык ишканасын “Кыргызжилкоммунсоюз” мамлекеттик ишканасынын менчигине муниципалдык ишкананын абоненттерин тиешелүү жылуулук энергиясы менен мындан ары камсыздоо боюнча кепилдик берилген шартта, өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, өнөр жай, курулуш, архитектура, транспорт жана турак жай коммуналдык кызматтары боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Р.Таманбаев |