Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 19-февралы №143/18-3
К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин Токмок агроколледжинин жатаканаларынын имараттарын муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө
Токмок ш. мэриясынын 05.12.2013-ж. чыг.№1154/1-4 өтүнүч катын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен,
Токмок шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин Токмок агроколледжинин жатаканаларынын имараттарын муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, ишкерликти, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү жана муниципалдык менчикке көзөмөл боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Р.Таманбаев |