Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 19-февралы № 141/18-3
Имараттарды бузууга макулдук берүү жөнүндө
Токмок ш. Муниципалдык менчик башкармалыгынын башкаруучусунун 13.02.2015-ж. №322 кайрылуусунун негизинде, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик”, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен,
Токмок шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок ш. Пушкин көчөсү 109 дарегинде жайгашкан №4 мектептин аймагындагы айрым имараттарын бузууга макулдук берилсин (кароолкана, устакана, кампа имараттары, бута атуучу жайдын дубалы, көчөдөгү дааратканалар).
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, өнөр жай, курулуш, архитектура, унаа жана турак жай-коммуналдык кызматтары боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Р. Таманбаев |