Загрузка документа…
НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 25-февралы № 69/ХIV-26
Нурманбет айыл өкмөтүнүн 2015-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө
2015-жылга карата Нурманбет айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысы С.Кочоралиеванын маалымдамасын угуп жана талкуулап Нурманбет айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн 2015-жылга карата түзгөн бюджети негизги каражаттар боюнча киреше
булагы 5794,3 сомго жана чыгаша булагы 5794,3 сомго ,атайын каражаттар боюнча
400 миң сомго бекитилсин.
2. Каржы-экономикалык бөлүмүнүн кызматкерлери Көчөралиева С. Жумабекова П. Жолбунова Д:
-айыл өкмөтүнүн киреше бөлүгүн салык жана салык эмес төлөмдөрдүн ошондой эле мурунку жылдардын калган карыздардын негизинде 100% аткаруу милдеттендирилсин.
3. 2014-жылдын эркин калдыгы 84,5 миң сомго бекитилсин. Атайын каражаттардын эркин калдыгы 42,8 мин сом бекитилсин.
4. Калган каражаттардын эсебинен каралган чыгымдардан тышкары жүгүртүүгө кассада накталай акча көлөмү 30,0 сомго бекитилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин бюджет жана каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Нурманбет айылдык кеңешинин төрагасы |
Ш.Андашов |