Редакцияот 25.03.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2015-жылдын 25-марты № 76/ХV-26

Жер участогун которуу жөнүндө

Нурманбет айылдык кеңешинин кезектеги сессиясында Жантаев Мейкин Абласовичтин Ысык-Ата райондук сотунун 1-август 2014-жылдагы №ГД 2-1315-14-Ч8 чечиминин негизинде берилген, №242 жана 244 контурларда жайгашкан  4616,5кв.м жер участкасын которуу жөнүндө арызын карап жана талкуулап,№242,244 контурлардагы “Жайыт” түрүндөгү жерди “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясына которууга даярдалган документтер менен,Кыргыз Республикасынын  “Жер участокторун которуу(трансформациялоо) жөнүндө” мыйзамынын,Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  19-март 2014-жылдагы  №169 токтому менен бекитилген  “Жер участокторун которуу(трансформациялоо тартиби жөнүндө” Убактылуу жобого ылайык ,Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 11-13-беренелеринин негизинде токтом кылат:

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. №242,№244 контурлардагы 4616,5кв.м жер участогу “Жайыт “ жерлери түрүнөн “Айыл чарба багытындагы жерлер “ категориясынын “башка жерлер” түрүнө которулсун(трансформациялансын).

2. Бул токтом Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясында  бекитилүү үчүн жөнөтүлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Нурманбет айылдык кеңешинин жер маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Нурманбет айылдык

кеңешинин төрагасы

 

Ш. Андашов