Редакцияот 22.04.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2015-жылдын 22-апрели № 79/ХVI-26

Нурманбет айыл аймагынын айыл чарба багытындагы жерлеринин салык акысынын өлчөмүн бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын  2014-жылдын 31-декабрындагы  №182  “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамына ылайык жана Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 337-беренесине таянып Нурманбет айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2015-жылга карата Нурманбет айыл аймагынын айыл чарба багытындагы жерлеринин салык акысынын өлчөмү мурдагы жылдардагы деңгээлде бекитилсин

-сугат жерлери -400 сом

-кайрак жерлери- 74,20 сом

-көп жылдык өсүмдүктөр- 213 сом

-чөп чабык жерлер- 29,70

-жайыт жерлери – 18

2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Нурманбет айыл өкмөтүнүн каржы-экономикалык бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Нурманбет айылдык

кеңешинин төрагасы

 

Ш.Андашов