Загрузка документа…
НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 22-апрели № 80/ХVI-26
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 10-апрелиндеги №199 “Кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлерин колдонуунун стратегиясын бекитүү жөнүндө” Жарлыгынын Нурманбет айыл өкмөтүндө аткарылышы жөнүндө
Нурманбет айылдык кеңешинин кезектеги сессиясында айыл өкмөтүнүн башкы адиси Б.Артыкбаевдин КР Президентинин 10.04.2009-жылдагы №199 “Кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлерин колдонуунун стратегиясын бекитүү жөнүндө ”Жарлыгынын Нурманбет айыл өкмөтүндө аткарылышы жөнүндө маалымдамасын угуп жана талкуулап Нурманбет айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нурманбет айыл өкмөтүнүн башкы адиси Б.Артыкбаевдин Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 10-апрелиндеги № 199 “Кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлерин колдонуунун стратегиясын бекитүү жөнүндө” Жарлыгынын Нурманбет айыл өкмөтүндө аткарылышы жөнүндө” маалымдамасы эске алынсын
2. Нурманбет айыл өкмөтүнүн башкы адиси Б.Артыкбаевке:
-2014-жылы ижарага берилген жерлердин келишимдери бүткөрүлсүн
-кайра бөлүштүрүү фондусунун пайдаланылбай калган жер аянттарынын санын азайтуу боюнча ар тараптуу иштер жүргүзүлсүн
-КБФнын жерлерин максаттуу жана сапаттуу колдонуу боюнча иштер жолго коюлсун
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Нурманбет айылдык кеңешинин төрагасы |
Ш.Андашов |