Редакцияот 22.04.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2015-жылдын 22-апрели № 81/ХVI-26

Сугат суу пайдалануучулар бирикмелеринин  ички сугат арыктарын 2015-жылдагы сугат мезгилине даярдыктары жана дыйкандарды сугат суу менен камсыз кылуу жөнүндө

Нурманбет айыл өкмөтүнун аймагындагы “Балбан суу”, ”Гөк чаар”, ”Эпкин суу” сугат суу пайдалануучулар бирикмелеринин ички сугат арыктарынын 2015-жылдагы сугат мезгилине даярдыктары жана дыйкандарды сугат суу менен камсыз кылуу жөнүндө бирикмелеринин жетекчилеринин маалыматын угуп,талкуулап Нурманбет айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Сугат суу пайдалануучулар бирикмелеринин  ички сугат арыктарын 2015-жылдагы сугат мезгилине даярдыктары жана дыйкандарды сугат суу менен камсыз кылуу жөнүндө маалымдамасы эске алынсын

2. Бирикмелердин жетекчилери А.Бекбоев,К.Сардарбеков,А.Думанаев төмөндөгүлөрдү аткаруу милдеттендирилсин:

-чоң тракторлор менен кесилүүчү арыктарды жакынкы арада кесип бүтүрүү

-2015-жылдагы сугат мезгилинде ыйкандарды тынымсыз,жетиштүү көлөмдө сугат суу менен камсыз кылуу

-сугат суусун биринчи кезекте суу талап кылынган өсүмдүктөргө берүү

-сугат суусун ар бр дыйкандын талаасына кууп жеткирип берүү

3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн башкы адиси Б.Артыкбаевге жүктөлсүн.

 

Нурманбет айылдык

кеңешинин төрагасы

 

Ш.Андашов