Загрузка документа…
НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 22-апрели № 82/ХVI-26
“Тураташ” жоопкерчилиги чектелген коомуна шагыл таштарды иштетүүгө уруксаат берүү жөнүндө
“Тураташ” жоопкерчилиги чектелген коомуна А.Токтоналиев айылындагы жерлерден 2008-жылы Нурманбет айыл өкмөтү тарабынан шагыл таштарды иштетүүгө бөлүнүп берилген жер тилкесин иштетип баштоого уруксаат берүү жөнүндө маселени карап жана талкуулап Нурманбет айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тураташ” жоопкерчилиги чектелген коомуна А.Токтоналиев айылындагы жерлерден бөлүнүп берилген 15 га жер тилкесинде шагыл таштарды иштетип баштоого уруксаат берилсин
2. Айыл өкмөтүнүн башкы адиси Б.Артыкбаевге,каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы С.Кочоралиевага:
-“Тураташ” ЖЧКсы менен келишим түзүү,ижара акысынын баасын,ижара шарттарын талапка ылайык келтирүү тапшырылсын
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин жер маселеси боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Нурманбет айылдык кеңешинин төрагасы |
Ш. Андашов |