Загрузка документа…
КЕМИН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 11-июну № 123-28-26
«Кемин шаарынын жеке турак жай курулушу үчүн жер участокторунун өлчөмүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндө»
Кемин шаарынын жеке үй куруучулардын жеке турак жай курулушу үчүн жер участокторуна суроо талаптар күндөн күнгө көбөйүүдө.
2005-жылдын 6-майындагы № 177 «Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө жобонун 5 - пунктуна ылайык
Кемин шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кемин поселкалык Кеңешинин 2012-жылдын 27-сентябрындагы № 24-6-26 токтому күчүн жоготту деп табылсын. 2015 жылдын 1 июлдан тартып жер тилкесинин ѳлчѳмү 500 (беш жүз) чарчы метирден киргизилсин.
2. Кемин мэриянын аймагында жеке турак жай курулушу үчүн жер участокторунун өлчөмүн 500 (беш жүз) чарчы метрден бекитилсин.
3. Токтомдун аткаруу милдети мэриянын вице мэри С.Иманалиевге, жер адиси И.Саяковго жүктѳлсүн.
Кемин шаардык кеңешинин төрагасы |
М.Өмүрбеков |