ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН III ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН VI СЕССИЯСЫ
2012-жылдын 9-ноябры № 19/6-3
Токмок шаарынын коммуналдык ишканаларынын 2012-2013-жылдын күз-кыш мезгилине даярдыгы жөнүндө
Токмок ш. мэриясынын башкармалыгынын башкаруучусунун «Шаардын коммуналдык мекемелеринин күз-кыш мезгилине даярдыгынын жүрүшү жөнүндө» маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Мыйзамдарын жетекчиликке алып
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок ш. шаардык чарба, ири курулуш, унаа жана байланыш Муниципалдык башкармалыгынын башкаруучусунун «Токмок шаарынын коммуналдык ишканаларынын күз-кыш мезгилине даярдыгы жөнүндө» маалыматы эске алынсын.
2. «Токмок жылуулук берүү» МИ директору тарабынан (Сулайманов Т.О.), «Жылуулук» МИ директору тарабынан (Чотбаев К.К.), «Токмок Водоканал» МИ директору тарабынан (Джаманбаев М.К.) аласаларды төмөндөтүү боюнча дайыма иш жүргүзүлсүн.
3. Токмок шаардык каржы бөлүмүнүн башчысы тарабынан (Котко Н.Т.) каражат издеп таап жана шаардык коммуналдык кызматтарына жергиликтүү бюджеттин карызы 2012-жылдын 30-декабрына чейин жоюулсун.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок ш. вице-мэрине, өнөр жай, курулуш, архитектура, транспорт коммуналдык турак жай кызматтары боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Токмок шаардык кеңешинин төрагасы |
Р. Таманбаев |