Загрузка документа…
КРАСНОРЕЧКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 11-марты № 61
2014-жылдагы бюджеттин аткарылышы жана киреше жана чыгыша бөлүктөрү боюнча 2015-жылдын бюджетинин долбоорун бекитүү жөнүндө
Каржы – экономикалык бөлүмүнүн башчысы Г.П. Обухова “2014-жылдагы бюджеттин аткарылышы жана киреше жана чыгыша бөлүктөрү боюнча 2015-жылдын бюджеттинин долбоорун бекитүү жөнүндөгү” маалыматын угуп жана талкуулап,
Айылдык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2014-жылдагы бюджеттин аткарылышы бекитилсин – 8808,9 миң сом, атайын эсеп – 1217,3 миң сом.
2. 2015-жылга бюджеттин долбоору – 8787,8 сом суммасында, атайын эсеп боюнча 895,0 миң сом бекитилсин.
3. Акча каражатынын -19,2 миң сом суммасындагы бош калдыгы “Социалдык камсыздоо” бөлүмүнө багытталсын.
4. Чыгымдардын бюджеттик сметасы төмөнкү бөлүмдөргө бөлүштүрүлсүн:
Мамлекеттик тейлөө кызматтары- 2836,4 миң сом
Айылдык милиция бөлүмчөсү-35,0 миң сом
Турак-жай-коммуналдык чарбасы -1708,6 миң сом
Китепкана-159,2 миң сом
Айылдык клуб- 981,9 миң сом
Балдар бакчасы-1502,0 миң сом
Орто мектеп- 1151,7 миң сом
Социалдык камсыздоо- 413,0 миң сом
5. Райондук билим берүү бөлүмүнүн штаттык тизимине киргизилбеген балдар бакчасынын кызматкерлерине эмгек акы төлөп берилсин:
- чарба башчысы – С.Тельмановага – 3 000 сом;
- кызматтык бөлмөлөрдү жыйнаштуруучусу С.Хамдиевага – 1 400 сом;
- С.Б.Молдоташев –айылдык клуб-4 000 сом;
- спорттук нускоочу Н.М.Канкожоева – 4 800 сом.
6. Айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине эмгек акы төлөп берилсин:
- билим берүү тендердик документация боюнча жетектөөчү адис Э.К.Усупбекова – 3 000 сом маяна менен;
- аскердик эсеп алуу столунун башчысы С.В.Федотова – аскердик эсеп алуу инспекторунун вакансиясынын 50 пайызы;
- аксакалдар сотунун төрагасы Т.Н.Надыров – 1 000 сом;
- пенсионерлер клубунун төрагасы Ю.И.Бакин – 1 000 сом;
7. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө каржы боюнча бюджеттик комиссияга жана каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Г.П.Обуховага жүктөлсүн.
Красная–Речка айылдык кеңешинин төрайымы |
К.К. Коджекматова
|