Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН III ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН VI СЕССИЯСЫ

 

2012-жылдын 9-ноябры № 34/6-3

Муниципалдык менчик объектилерин Коммуналдык Ишканалар Комбинатына чарба жүргүзүүгө өткөрүп берүү жөнүндө

(Токмок шаардык кеңешинин  2023-жылдын 3-августу №138/24-5 токтомунун редакцияларына ылайык)

 

Токмок шаарынын муниципалдык менчик Башкармалыгынын өтүнүч катын, коммуналдык ишканалар Комбинатынын өтүнүч катын карап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө», «Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө», Мыйзамдарын жетекчиликке алып, туруктуу депутаттык комиссиясынын чечиминин негизинде

ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Токмок шаарынын муниципалдык менчик Башкармалыгы тарабынан (Эсенбеков М.Э.) коммуналдык ишканалар Комбинатына чарба жүргүзүүгө өткөрүлүп берсин:

- Токмок ш. жүргүнчүлөрдү тошуучу автоунааларды токтотуу үчүн колдонулган, Дунларов көчөсүнүн жана Өзбек көчөсүнүн ортосунда жайгашкан, 3025,79 кв.м аянт жер тилкеси;

- (абзац Токмок шаардык кеңешинин 2023-жылдын 3-августу №138/24-5 токтомунун редакцияларына ылайык күчүн жоготту)

(Токмок шаардык кеңешинин  2023-жылдын 3-августу №138/24-5 токтомунун редакцияларына ылайык)

2. Токмок ш. коммуналдык ишканалар Комбинаты (КИК) тарабынан (Оскенов А.Б.) автотоктотмо багыты боюнча колдонулсун.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок ш. биринчи вице-мэрине, ишкерликти, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү, муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча Токмок шаардык Кеңешинин депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.

 

Токмок шаардык

кеңешинин төрагасы

 

Р. Таманбаев