Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 9-ноябры № 31/6-3
Чүй токой чарбасынын 40 га жер тилкесин Токмок шаарынын муниципалдык менчигине кабыл алуу жөнүндө
Токмок шаарынын муниципалдык менчик Башкармалыгынын өтүнүч катын карап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө», «Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө», Мыйзамдарын жетекчиликке алып, туруктуу депутаттык комиссиясынын чечиминин негизинде
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаарынын муниципалдык менчик Башкармалыгына Токмок ш. ипподром уюштуруу үчүн Чүй токой чарбасынын 40 га жер тилкесин кайтарымсыз муниципалдык менчигине кабыл алууга уруксат берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок ш. биринчи вице-мэрине, ишкерликти, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү, муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча Токмок шаардык Кеңешинин депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Токмок шаардык кеңешинин төрагасы |
Р. Таманбаев
|