Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 9-ноябры № 30/6-3
Өзбек көчөсүнөн баштап айланып өтүүчү трассага чейин автожолду ачууга уруксат берүү жөнүндө
Токмок шаарынын муниципалдык менчик Башкармалыгынын өтүнүч катын карап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө», «Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө», Мыйзамдарын жетекчиликке алып, туруктуу депутаттык комиссиясынын чечиминин негизинде, ошондой эле «Булак» жана «Мүрөк» базарларынын айланасындагы аянттарында авто унаалардын жана жөө жүрүчүлөрдүн кыймылын жеңилдетүү максатында
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаарынын муниципалдык менчик Башкармалыгына Өзбек көчөсүнөн баштап айланып өтүүчү жолго чейин автожолду ачууга уруксат берилсин («Булак» жана «Мүрөк» базарларынын аянттарынын боюндагы жол).
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок ш. биринчи вице-мэрине, ишкерликти, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү, муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Токмок шаардык кеңешинин төрагасы |
Р. Таманбаев |