Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 9-ноябры № 28/6-3
Токмок шаарынын Ардактуу жараны наамын ыйгаруу жөнүндө
Токмок шаарынын мэринин өтүнүч катын, «Токмок шаарынын Ардактуу жараны» наамын ыйгарууга сунуштамаларды кароо боюнча комиссиясынын сунушун карап жана талкуулап чыгып, «Токмок шаарынын Ардактуу жараны» жөнүндө Жобону, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамын жетекчиликке алып
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Токмок шаарынын Ардактуу жараны» наамы ыйгарылсын:
Ибраев Маркел Ибраевичке – 1985-жылдан баштап 1989-жылга чейин Токмок шаардык париясынын комитетинин биринчи катчысына,
Чыңгышев Турсунбеке - 1989-жылдан баштап 1991-жылга чейин Токмок шаардык париясынын комитетинин биринчи катчысына,
Исаев Канатбек Кедейкановичке – 2008-жылдан баштап 2010-жылга чейин Токмок шаарынын мэрине,
Усубалиев Үсөнбек Усубалиевичке – 1996-жылдан баштап 2003-жылга чейин Токмок шаардык Кеңешинин төрагасы, Токмок шаардык Кеңешинин 3 чакырылышынын депутаты,
Джокаев Жолдош Сейтеевичке – 1994-жылдан баштап 2012-жылга чейин «Токмок Водоканал» МИ директору, Токмок шаардык мэриясынын шаардык чарба Башкармалыгынын башкаруучусуна.
2. Токмок шаарынын Ардактуу жарандарына күбөлүк, төш белги жана бир жолу 10 000 (он миң) сом акчалай сыйлык даярдалсын жана берилсин.
3. Токмок шаарынын Ардактуу жарандарынын аты Токмок шаарынын Даңк китебине киргизилсин, «Токмок шаарынын Ардактуу жарандары» тактасына фотосүрөттөрү жайгаштырылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Токмок шаардык Кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Токмок шаардык кеңешинин төрагасы |
Р. Таманбаев |