Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН III ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН VI СЕССИЯСЫ
2012-жылдын 9-ноябры № 26/6-3
Токмок шаарынын Борбордук аянтына Султан Ибраимовтун атын берүү жана айкелин орнотуу үчүн ордун аныктоо жөнүндө
Токмок шаарынын мэриясынын өтүнүч катын карап, С.Ибраимовтун Кыргыз Республикасынын социалдык – экономикасынын өнүгүүсүнө кошкон салымын эске алып, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Мыйзамдарын жетекчиликке алып, социалдык маселелер боюнча, Мандаттык, депутаттардын этикасы жана өз алдынча башкаруунун түзүлүшү боюнча туруктуу депутаттык комиссияларынын чечиминин негизинде
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаарынын Борбордук аянтына Султан Ибраимовтун аты берилсин.
2. Токмок шаарынын Ленин көч. скверге Султан Ибраимовко айкел орнотууга уруксат берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаарынын мэриясына жана Токмок шаардык Кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Токмок шаардык кеңешинин төрагасы |
Р. Таманбаев |