Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН III ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН VI СЕССИЯСЫ
2012-жылдын 9-ноябры № 25/6-3
Шамшы көч. жана Гагарин көч. кесилишинде жайгашкан маданият жана эс алуу Борбор аянтына Турсунбек Есенбаевтин атын берүү жөнүндө
Токмок шаарынын Ардактуу жараны, Аксакалдар Кеңешинин төрагасы – У.Е.Есенбаевтин өтүнүч катын карап жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Мыйзамдарын жетекчиликке алып, социалдык маселелер боюнча комиссиясынын чечиминин негизинде
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шамшы көч. жана Гагарин көч. кесилишинде жайгашкан маданият жана эс алуу Борбор аянтына Турсунбек Есенбаевтин аты берилсин.
2. Токмок ш. башкы архитектору тарабынан (Кыдырбаев А.Ю.) Токмок шаарынын картасына өзгөрүүлөр киргизилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок ш. вице-мэрине, социалдык маселелер боюнча депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Токмок шаардык кеңешинин төрагасы |
Р. Таманбаев |