Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН III ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН VI СЕССИЯСЫ
2012-жылдын 9-ноябры № 22/6-3
Токмок шаардык кеңешинин № 207/34-1 28.05.2007ж. токтомуна өзгөрүүлөрдү киргизүү жөнүндө
«Эколог» ТМИ 5 жылдык мөөнөткө жер салыгынан бошотуу бөлүгүндө, Токмок шаардык Кеңешинин №207/34-1 28.05.2007ж. токтомунун мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 206 беренесинин, (санитардык, суу сактоо зоналары) 181 беренесинин 2 бөлүгүнүн 1 пунктунун негизинде, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Мыйзамдарын жетекчиликке алып, профилдик депутаттык комиссиясынын чечиминин негизинде
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаардык Кеңешинин № 207/34-1 28.05.2007 жылдагы токтомунун 1 пункту төмөнкү редакцияда бектилсин:
- «Токмок Водоканал» Муниципалдык ишканасы жер салыгын төлөөдөн бошотулсун.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Токмок шаардык Кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салык жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Токмок шаардык кеңешинин төрагасы |
Р. Таманбаев |